Gold
КУДАЙ бул дүйнөнү абдан сүйгөндүктөн, Өзүнүн жалгыз Уулун берди. Кудай Аны Ага ишенген ар бир адам өлбөй, ТҮБӨЛҮК ӨМҮРГӨ ээ болсун деп берди. Жакан 3,16

Алтын түс Кудайды көрсөтөт, Анын ыйыктыгын, түбөлүктүүлүгун, кемчиликсиздигин. Ал асманда, ал жакта оору, кайгы капа, согуш жок. Бизди капа кылатурган эч нерсе жок. Кудай бизди жаратты. Бизди сүйүп Аны менен бирге бейиште болушубузду каалайт.

Black
Анткени КҮНӨӨ үчүн жаза – өлүм. Римдиктерге 6,23

Бирок тоскоолдук бар: туура эмес жашап, Кудайды сүйбөй, мыйзамдарын аткарбай, жаман oйлор, иштер жүрөктөрүбүздөн чыгат. Кара жүрөк, бул жөнүндө эскертет. Күнөөлөрүбүз Кудайдан алыстатат. Күнөө үчүн жаза-өлүм. Бул түбөлүккө Кудайдан ажыроо. Күнөөсүз жашоого биздин күчүбүз жетпейт, Үмүт барбы?

Red
Кудайдын мол ырайымынын негизинде УУЛУНУН КАНЫ АРКЫЛУУ КУН ТӨЛӨНҮП, КҮНӨӨЛӨРҮБҮЗ КЕЧИРИЛДИ. Эфестиктерге 1,7

Ооба үмүт бар. Бизге болгон сүйүүсү, Уулу Ыйса Машаяктын, адашкан биз үчүн келгени. Анын бир да күнөөсү болгон эмес. Ал биздин күнөөлөрүбүздү, Өз мойнуна алып, түбөлүк өлүмдөн куткарды. Кызыл тус - Анын канын көрсөтүп туурат. Анын каны - биздин үмүт.

White
Эгерде күнөөлөрүбүздү мойнубузга алып ачык айтсак, ишенимдүү жана адилеттүү Кудай күнөөлөрүбүздү кечирет жана бизди бардык адилетсиздиктен ТАЗАЛАЙТ. Жакандын 1-кат 1,9

Ак тус бул тазалыктын белгиси. Ыйса Машаяктын каны аркылуу биздин күнөөлөр кечирилет, эгер тообо кылсак. Ага өмүрдү арнасаң, сенин да жүрөгүн аппак болуп Кудайдын алдында жаркырайт.

Green
Кудайдын ырайымы астында ӨСКҮЛӨ, биздин Теңирибиз жана Куткаруучубуз Ыйса Машайакты таанып билиңиз. Петирдин 2-кат 3,18

Эгер сен Ыйсаны кабыл алсаң, жаңы төрөлгөн баладай, өсүп чоңойосуң. Жашыл түс өсүп жанданынуунун көрсөткүчү. Туруктулук менен Кудайдын сөзүн окуп, Ага сыйынып, Анын эли менен баарлашып турсак, анда бизде да жандануу болот, Кудайдын сүйөөсүнөн ырайым табабыз.